v-circle-o Created with Sketch.

Кесипкөй аял

>30=B0;00 5480
Created by >30=B0;00 5480(User Generated Content*)User Generated Content is not posted by anyone affiliated with, or on behalf of, Playbuzz.com.
On Sep 21, 2019
Help Translate This Item

Бактыгүл Дүйшөбаева жөнүндө

Дүйшөбаева Бактыгүл Толубаевна 1966-жылы 19-январда Азыркы Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз мурдагы №22 Пардсъезд колхозу Интернат участкасында төрөлгөн.

Ата-энеси жөнүндө маалымат,
бала чагын эскерүү

Балачагым кайрылып келбес курагым.

"Биз кичине кезибизде колхоздор болгон. Атам Толубай селсоветте налог топтоп иштеди, Андан кийин колхоздо бригадир болуп эмгектенип пахтанын планын толтурамын деп күн-түн дебей иштечүү. Атамы биз көрбөйт болчубуз. Анткени атам таң эрте пахтаны караганы кетип, биз уктаганда келчүү. Апам: "Атанар пахтанын башында жүрөт"- деп койчу эле. Көрсө атам өтө жоопкерчиликтүү адам экенин азыр эстеймин, балдарынан да ишин биринчиге койгон киши эле. Апам болсо кечке биздин тарбиябыз, аш- оокатыбыз менен убара эле."-деп балалыгын эскерет Бактыгүл айым.

"Мен бала кезимде апам дайыма өзүңө тың болгун, баштаган ишиңди таштаба, акырына чыгар кызым деп көп насаатын айтат эле."

Студенттик күндөрүм

Бактыгүл Дүйшөбаева келечекте эл даарыгери болсом деп тилек кылчуу. Ошол тилегине жетүү үчүн ал Бишкекке медакадемияга окууга тапшырган. Бирок биринчи сынактан өтпөй калып, экинчи сынакты эканомика бөлүмунө тапшырып, күчүн сынап көрүүнү чечет. Сынактан биринчи болуп өтүп, эканомика бөлүмүндө окуусун бүтүргөн. "Студенттик күндөрүм аябай кызыктуу өткөн. Ал мезгилде өз күчүбүз менен экзамен тапшырчуубуз. Түнү менен китеп окуп, эртең менен экзамен тапшырган күндөр эсимде"- деди Дүйшөбаева.

Өмүрлүк жары менен 1988-жылы баш кошкон

Балдарым менин бактым!

Бактыгүл айымдын 3 баласы бар. Кызы 31 жашта, Бакай уулу 28 жашта, ал эми эң кичүүсү апасы тилек кылып, бирок окуй албай калган медакадемияда окуйт.

Бир жерде 34 жыл иштеген кесипкөй айым

Айлыгым аз деп башка ишке өтпөдүм

Мен иштеп жаткан мезгилден тартып ар кандай өзгөрүүлөр көп болду. Айлыгыбыз аз болуп, кээде бербей калган айлар, күндөр да болду. 2006-жылы борборлоштурулган эсептөө бөлүмү жоюлуп кетип, эсепчилердин баары айыл өкмөттөргө эсепчи болуп кетишти. Ошондо да кетпей жалгыз өзүм аппаратка эсепчи болуп калдым. 2013-жылы кайрадан борборлоштурулган эсепчилер бөлүмү ачылып, кесиптештерим, жаш адистер кайрадан Билим берүү бөлүмүнө келишип, иштеп калдык.

Жумуштагы кыйынчылыктар

Жумушубузда кыйынчылыктар көп болот. Бизде эсебибиз чыкпай калса кайрадан баарын эсептеп калабыз, кээде түн кирип кетет, базар күндөрү, ал эмес майрам күндөрү да келип иштеген күндөрүбүз болот. Балдарым "Апа бизден да жумушуңуз артыкпы, кээде бизди экинчи орунга коесуз, жумушуңуз биринчи орунда, барбай койсоңуз эмне болот? Барбай эле коюнчу"-деп ыйлашкан күндөр да болгон балдарым кичине мезгилде. Ал эмес жолдошум да "Сен районого жатып ал, ошол жака керебет алып барып берейинби?, бир күн барбасаң көчүп кетеби"- деп көп урушчу. Бирок бизди СССР ушундай тарбиялап койгон экен биринчи жумушуңду бүтүр деп, ошол тарбиянын негизинде жумушум бүтпөй калса уктай албайм.

Сиз кандай аялсыз?

"Мен эрктүү,чыдамкай аялмын. Себеби мен баарына чыдадым, баарынын сөздөрүнө чыдадым. Өзүмдүн эрктүүлүгүмдү өзүм билемин. Мага бирге жүргөн дос жарым, туугандарым, ата-энем, кайнжуртум көп айтышат. Сен эрктүүсүн көп нерсени ичине сактайсын деп. Кээде жолдошум тилдегенде унчукпай, сөз сүйлөбөйүн, азыр жини келип жатат деп өзүмдү токтотомун. Кээде жумуштан бошобой калып көп жакка бара албай калам, ошондо мага капа болушат. Анан мен аларга акырын түшүндүрүүгө аракет кыламын. Баарына жетишишке аракет кыламын. Кесиптештеримин, тууган-уруктун көңүлүн алам деп жүрүп, эки жакка жүгүрүп кыйналып калган күндөрүм да болгон.Өзүм уят болбоюн, жетекчилерими да уят кылбайын деген ой менен иштеп келдим "-деди Бактыгүл Дүйшөбаева.

ДК

Динара Карымшакова, эсепчи

Динара Карымшакова, эсепчи say

Мен 1992-жылы февраль айында Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө эсепчи болуп ишке киргем. Ошондо башкы эсепчибиз Өзгөнөв атуу киши мени, Бактыгүл Дүйшөбаева эжекени чакырып, Динар жакшы болсо да, жаман болсо да сенден деп мени эжеге шакирт катары дайындаган. Ошондон бери 27 жылдан бери бирге иштеп келе жатабыз. Бактыгүл айым өтө жоопкерчиликтүү, эне катары баарыбызга мээримин төккөн адис.

ИИ

Илман Ибраимов, РББнын адиси

Илман Ибраимов, РББнын адиси say

Биздин биллим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчиси Бактыгүл айым менен 2016-жылдан тартып бирге иштеп келе жатамын. Өзүнүн жумушун сүйүп иштеген аябай адамгерчиликтүү, билим берүү бөлүмүнө эмгеги сиңген, урматтаган эжекелердин бири.

СМ

Самара Маматова, эсепчи

Самара Маматова, эсепчи say

Дүйшөбаева Бактыгүл эже менен 3 жылдан бери иштеп келе жатам. Өтө жакшы эжеке. Биз билбегендерибизди үйрөтөт. Жардамын эч качан аябайт. Сыймыктанган эжекебиз.

ЖМ

Жанышалиев Мирбек

Жанышалиев Мирбек say

Эже жакшы адамгерчиликтүү ишине так, колунан келген жакшылыктарды аябайт. Мага жаңы келгенде жол көрсөтү, үйрөткөн.

ДА

Данияр Арзиев, эсепчи

Данияр Арзиев, эсепчи say

Мен эжеке менен бирге иштешип келем. Бактыгүл Дүйшөбаева мыкты кесипкөй, өз кесибин сүйгөн, сүйүктүү жар, мээримдүү эне катары сыйлаймын.

Жаш кадрларга жардамы

"Мен силерге үйрөтөйүн"- дедим. Анткени мен жаңы окууну бүтүп келгенде мага эч ким үйрөткөн эмес. Ошондуктан мен өзүм билип алгандан кийин башкаларга да үйрөтөйүн деп өзүмө-өзүм максат койдум. Азыркы күндө да жаш адиске жардамымды аябаймын.

Түндү-түн дебей мен баарына үйрөтүм. Бирде түнү менен эсептеп, таң атып кеткенде бир эсепчи бала айтты "Эже сизди жолдошуңуз эч нерсе дебейби?" деп. Бир жактан жумушуму бүтүп, отчеттуму бүтүрсөм, бир жактан эсепчи баланын айтканы таасир берди. Анткени мен чынында кесипкөй, жумушуму үй бүлөдөн биринчи койгон аял экенмин деп ишендим.

Жаш адистерге насаат:

  • 1.
  • 2.
  • 3.
  • 4.

Небере жытына мас болуп турган учурум

Бактыгүл айым неберелүү болуп, жолдошу экөө небере жытына мас болуп турган учуру.

Бактыгүл Дүйшөбаеванын сыйлыктары

Дүйшөбаева айыл өкмөттүн, райондун, областын, республиканын ардак грамоталарын алган, "Билим берүүнүн отличниги", "Ардактуу ишмер" төш белгилери бар. "Эң менин кымбаттууларымын бири бул- менин эмгек жамаатым"-деди Дүйшөбаева

These are 10 of the World CRAZIEST Ice Cream Flavors
Created by Tal Garner
On Nov 18, 2021
SIGN UP TO PLAYBUZZ
Join our email list and receive super fun quizzes!
Don't worry. We don't spam.

LIFESTYLE