v-circle-o Created with Sketch.

Кыргызстандын токойлору

Токойлор жаратылышты, сууну коргоочу, кыртышты сактоочу, аба ырайын жөнгө салуучу, ден соолукту чыңдоочу милдеттерин аткарат.

123456
Created by 123456 (User Generated Content*)User Generated Content is not posted by anyone affiliated with, or on behalf of, Playbuzz.com.
On Sep 22, 2019
Help Translate This Item

Токойлордун аянты - 1116,56 миң га

Мамлекеттик токой фондусунун жалпы аянты - 2620 миң га (1.1.2018), анын ичинен токой баскан аянты - 768 миң га.

Кыргызстандын токойлорунда дарак жана бадалдардын 130 түрү кездешет.
Карагай, арча, жаңгак, мөмө-жемиш жана суу жээгиндеги токойлордун турлөрү бар.

Арча токойлордун аянты - 203,3 миң га, карагай - 120,6 миң га, жаңгак - 40,5 миң га, мисте - 33,8 миң га, бадалдар - 344 миң га.

Токой саясатын жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Куурчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын мамлекеттик агенттигине караштуу Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментине жүктөлгөн.
Республикада 39 токой чарбасы жана 1 токой сактоо, коргоо станциясы бар (1.1.2018 маалыматы боюнча).

Токой чарбалардын милдеттери

Мамлекеттик токой фондусунун аянтын

Отургузулган экме токойлордун ийне жалбырактуусу - 37,2%, жангак - 37,3%, мөмө-жемиш - 14,4%, бадалдар - 1,6%, башка түрлөрү - 9,5%.

Токой чарбаларында өстүрүлгөн 6 млн стандарттык көчөттөрдүн 63% экме токойлорго жана 37% калктуу конуштарды жашылдандыруу жана коргоочу тилкелерге отургузууга пайдаланылат.

2019-жылдын 1-сентябрына карата 93 токой мыйзам бузуу факты катталып, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 5414500 сом түздү. Мыйзамсыз 1692 бак-дарак кыйылып көлөмү 809 м2 түздү.

2019-жылы Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде 16 өрт кырсыгы катталып, жалпысынан 103 га, анын ичинен 2.6 га токой аянты күйгөн.

Токойдун 246 миң га жер аянты пайдаланууга берилип 25 млн сомдон ашык каражат түшкөн.

Тушкөн каражаттар

These are 10 of the World CRAZIEST Ice Cream Flavors
Created by Tal Garner
On Nov 18, 2021
SIGN UP TO PLAYBUZZ
Join our email list and receive super fun quizzes!
Don't worry. We don't spam.

LIFESTYLE