Китеп окуу адатка айланса...

0@GK= 0<KB15:>20
Created by 0@GK= 0<KB15:>20(User Generated Content*)User Generated Content is not posted by anyone affiliated with, or on behalf of, Playbuzz.com.
On Oct 9, 2019
Help Translate This Item

 «Бир адамдан бир китеп” долбоору ишин улантууда

Бүгүн Ак-Талаа районунун Терек айылында “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун ачылыш аземи болуп өттү.Аталган иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдын жашоочулары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана долбоордун өкүлдөрү катышты. 

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Карагулова куттуктоо сөз айтып, долбоорду демилгелеп, аны республиканын төрт бурчунда ишке ашырып жаткан Б.Акылбеков жана Эрлан Самыйыл уулуна ыраазычылык билдирди. Ошондой эле келген меймандар китепканага адабий китептерди тапшырышты.

Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепканалар тармагынын директору Г.Сулайманованын айтымында район боюнча   “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында  китепканаларга 5 250 китеп чогулган. Учурда  калган бардык айылдарда долбоор уюштурулуп, 12-декабрь адабият күнүндө жыйынтыкталат. Мурдатан маалым болгондой бул долбоордун максаты-китеп окууну адатка, салтка айландыруу.

These are 10 of the World CRAZIEST Ice Cream Flavors
Created by Tal Garner
On Nov 18, 2021