Жаңы мектепке эмеректер алып келинди

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үнкүр айылына жаңы мектеп курулуп, эмеректери алып келинди

>30=B0;00 5480
Created by >30=B0;00 5480(User Generated Content*)User Generated Content is not posted by anyone affiliated with, or on behalf of, Playbuzz.com.
On Sep 3, 2019
Help Translate This Item

Мектеп Кызыл-Үнкүр айылынын тургуну, депутат Мирлан Бакиров тарабынан колдоого алынып, курулган

Мектеп "Алтын-Кыя" негизги мектеби деп аталган. Мектеп толук курулуп бүтө элек. Бул мектепке үч айылдын окуучулары окуйт. Эскерте кетсек Алтын-Кыя, Көсө-Терек, Катар-Жаңгак айылынын окуучулары 3-7 км жерге жөө барып окуп келишкен.

Кызыл-Үнкүр айылындагы жаңы салынып жаткан мектептин абалы, курулуп жаткан эмеректердин сапатын көрүп келүү үчүн Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев келди.

Эмеректер "Кыргыз мебель" ишканасы тарабын алып келинди

Бишкек шаарынан келген куруучулар эмеректерди куруп жатышат

Сопубек Сариев тапшырма берди

"Ар бир класс бүткөндөн кийин окуучуга ыңгайлуу болуусу шарт. Бул үчүн класстын жасалгасынан баштап, илине турган пардага чейин ойлонуштурулуп, балдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизбөөсүн карашыбыз керек. Бардык класс гүлдөр менен камсыздалсын. Окуунун сапатуу болуусу үчүн класстарда заманбап технологиялардын, проектор, компьютерлердин болуусу билимдин дагы да болсо терең, сапатуу болуусуна шарттайт. Ошондуктан окуу класстарды жогоруда айтылгандарга карап туруп, жасалгалоону сунуштаймын."

Заманбап ашкана

Мектептин чарба иштери боюнча кызматкерлерине Сопубек Сариев мектептин айланасын көрүп чыгып, тапшырмаларды берди.

Мектептин айланасындагы бүтпөгөн иштердин баарын тез арада бүтүрүп, иретке келтирүү иштерин, аталган мектептин чарба иштери боюнча кызаткерине дайындалды.

Эмгек жамаат менен жолугушуу

Сопубек Сариев эмгек жамаат менен жыйналыш өткөрүп, алардын суроолоруна жооп берди

Алтын-Кыя негизги мектебине убактылуу директор дайындалды

Чарба иштери боюнча директордун орун басары дайындалды

Бактыбек уулу Памирбек чарба иштери боюнча директордун орун басары деп дайындалды.

Маек

Гүлназ Камбарали кызы, кабарчы

Гүлназ Камбарали кызы, кабарчы say

Саламатсызбы. Бүгүнкү Алтын-Кыя негизги мектебине келүү максатыңыз кандай?

Сопубек Сариев, РБББ башчысы

Сопубек Сариев, РБББ башчысы say

Саламатчылык. Мына ушул Алтын-Кыя мектеби жаңы бүтүп, бүгүнкү күндө Кыргыз мебелден келишип, эмеректерди куруу иштери жүрүүдө. Азыркыга чейин бул мектепте кызматкерлер дайындала элек болчу. Ошого Ташиев мектебинде иштеген, Алтын-Кыя, Көсө-Терек, Катар-Жаңгак айылынан барып иштеген мугалимдерду аталган мектепке алып келүү, ар бир класска парта отургучтарынын жетиштуүлүгүн кароо боюнча көзөмөл жүргүзүп, жетекчилерди дайындоо үчүн келдик.

Гүлназ Камбарали кызы, кабарчы

Гүлназ Камбарали кызы, кабарчы say

Жаңы мектеп ачылса канча окуучу окуй алат?

Сопубек Сариев, РБББ башчысы

Сопубек Сариев, РБББ башчысы say

Буйруса жакынкы күндөрдө ачабыз деп жатабыз. Жаңы мектеп ачылса 330-350 окуучу окуйт.

Гүлназ Камбарали кызы, кабарчы

Гүлназ Камбарали кызы, кабарчы say

Мектептин ачылышына кандай даярдыктар жүрүп жатат?

Сопубек Сариев, РБББ башчысы

Сопубек Сариев, РБББ башчысы say

Бул мектептин курулушун бир эле куруучуларга жүктөп койбостон, аны биз да көзөмөлгө алуубуз керек. Себеби мектептин таза, тыкан бүтүшү үчүн аракет жасообуз зарыл. Куруучуларга алардын жасабай кетип жаткан жерлерин жасатып, бүтпөгөн жерлерин айтып туруу керек. Бүгүн көптөгөн чала бүткөрүлгөн иштерди көрдүк. Жылытуу мештен баштап, ар бир класстын эшик, терезелерине, мектептин чатырына, жолдоруна көңүл болдук, карадык, айттык.

Гүлназ Камбарали кызы, кабарчы

Гүлназ Камбарали кызы, кабарчы say

Ушул айылдын тургундарына, эмгек жамаатына айта турган каалооңуз?

Сопубек Сариев, РБББ башчысы

Сопубек Сариев, РБББ башчысы say

Азыр Республика боюнча авариялык абалда турган мектептер көп. Бирок тоодо жайгашкан айылга мындай жаркыраган мектептин салынышы чоң бакыт. Ошондуктан мектепти жакшылап бүтүрүп, ачылышын өткөрүп, окуучуларды жаңы мектепке окутуп койсок чоң ийгиликке жеткен болобуз. Жылдап кыйналып, жамгыр, каарда, суукта алыска барып окуган балдардын, мугалимдердин кыйынчылыктарынан арылткан болобуз. Демек күч бирдикте, ынтымактуу болуп, ишибизди илгерилетсек деймин.

Гүлназ Камбарали кызы, кабарчы

Гүлназ Камбарали кызы, кабарчы say

Чоң рахмат ишиңизге ийгилик

Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Илман Ибраимов эмгек жамаатка ийгилик каалоо менен бирге ынтымак, ырыскы, кең келечек каалады.

Чолпон Жолчиева: "Мектеп курулганына аябай кубанычтабыз. Балдардын, мугалимдердин түйшүгү азайды."

These are 10 of the World CRAZIEST Ice Cream Flavors
Created by Tal Garner
On Nov 18, 2021