Улутту тааныткан - улуттук кийимдери

Байыркы замандан бери эле ар бир улуттун өзгөчөлүгүн билдирген улуттук кийим–кечелери болуп келген. Кийим – адамдын денесин тышкы чөйрөнүн ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын жалпы аты. Кийим элдин чарбалык-маданий жашоосуна жана жашаган чөйрөгө ылайыкталган.

Nyiaz Tashmatov
Created by Nyiaz Tashmatov(User Generated Content*)User Generated Content is not posted by anyone affiliated with, or on behalf of, Playbuzz.com.
On Jun 10, 2018
Help Translate This Item

Мисалга кыргыз элинин улуттук кийими. Алсак, атка тез-тез жана узакка минүү зарылдыгы кыргыздарды узун этектүү, кең, этеги кымтылануучу, бели кездеме кур же кур менен курчалган кийим тигүүгө мажбурлаган. Кийимдин бул өзгөчөлүктөрү атчан жүрүүдө, эркин кыймылдоого көмөк берген жана жылдын суук мезгилинде жылуулукту сактаган. Сырт кийимдин жеңи узун, ийини жазы жана жең учу тар тигилген. Мындай жеңден кол үшүгөн эмес, анткени колду дайыма жеңдин ичине катып жүрүүгө, ошол эле учурда жеңдин учун манжалар менен кармап жаап алууга мүмкүн болгон

Кыргыз элинин улуттук кийими

Жапониянын улуттук кийими 

Кимоно - Жапония мамлекетинин улуттук кийими болуп саналат. Бул кийимди кийүүдө солдон оңго карай кийүү абзел, ал эми аза күтүүдө оңдон солго карай кийилет. Кимононун өзүн Жапонияда сатып алам десеңиз он миң доллар турат. Кошумча аксессуарлары менен ала турган болсоңуз жыйырма миңге жакын акчаңызды сарптайсыз.

Өзбектердин улуттук кийими 

Өзбектердин улуттук кийими узун жеңдүү көйнөктөн турат. Баштарына жолук салынган жана алтын тагынышкан. Улуттук кийим жаш өзгөчөлүгүнө карата айырмаланат.

Туркиялыктардын улуттук кийими

Түркиялык аялдардын кийими фераж болуп саналат. Фераж-узун көйнөк, чачын, моюнун жана бетинин бөлүгүн бекитүү үчүн чадр салынышкан.

Татарлардын улуттук кийими

Татарлар узун, кең көйнөк кийишкен. Кийимдери трапеция формасында болгон. Аялдар менен эркектеринин кийимдеринин негизин көйнөк (кулмек) жана шымы (ыштан) түзгөн.

Тажиктердин улуттук кийими

Тажик аядары башына допу, ал эми көйнөктөрү атластан жасалган узун, кең (курта) жана баалуу таштар менен кооздолгон. Буттарына көлөч кийишкен.

Орус элинин улуттук кийими

Орус элинде сарафан - узун, жеңи жок көйнөк.
Телогрея - жука кездемеден тигилген кофта.
Приволока-жамынылуучу жеңсиз сырт кийим.
Понёва- бойго жеткен кийүүчү кийим.

Кытай элинин улуттук кийими

Кытай улуттук кийими "Ханьфу" байыркы Хань жана Дзинь династиясында келип чыккан. Ошол мезгилде "ханьфу" императордун жана анын үй-бүлөсүнүн салттуу кийими болгон. Кийимдин түсүнө өзгөчө көңүл бурушкан. Кызыл түс – жалындуу от жана Джоу династиясынын түсү болуп эсептелет. Тигилген ар бир элементтин өзүнчө мааниси бар. Мисалы, иероглиф-орхидеяны жана билимди жандандырган белги катары, ал эми пион - байлыкты билдирген.

Казактардын улуттук кийими

Казак улуттунун кийими байыртан өзгөчө мааниге ээ болуп келген. Көчмөн эл болгондуктан кийимдери ыңгайлуу болуусуна өзгөчө көңүл бурушкан. Атты минүүдө ыңгайсыздык жаратпоо үчүн кийимдери кең болгон. Кийимдери: мурак, ай-ыркалпак, шалбар-сым, бешмет, шекленом, кокреше, жейде ж.б болгон.

Кавказ элинин улуттук кийими

Кавказ улутунун эркектери үстүнө кийген кийимин (бурка) башка улуттар да кийишкен. Алар чечен, кабардиан, дагестан, грузин элинин эркектери. Бурка-койдун жүнүнөн жасалган үстүнкү кийим. Баш кийимге өзгөчө көңүл бурушкан. Баш кийим (папаха) өзүнүн эркектик ар-намысын, адептүүлүгүн билдирип турган.

Индиялыктардын улуттук кийими

Индия аялдары дүйнөгө белгилүү болгон сарини кийишет. Сари - 5-9 метр болгон жумшак жибектен тигилген тик бурчтуу кездеменин бөлүгү. Аны күнүмдүк турмушта кийишкен жана майрам күндөрү баалуу таштар менен кооздошкон.

These are 10 of the World CRAZIEST Ice Cream Flavors
Created by Tal Garner
On Nov 18, 2021