Нооруз майрамы башка өлкөлөрдө кандай майрамдалат?
Нооруз майрамы башка өлкөлөрдө кандай майрамдалат?
Бул макалада биз Нооруз майрамы Кыргызстандан башка өлкөлөрдө кандай майрамдалышы тууралуу баяндайбыз.
Мындан сырткары, алардын өзгөчөлүктөрү жана окшоштуктары жөнүндө кызыктуу маалыматтар камтылган.
Бул макалада биз Нооруз майрамы Кыргызстандан башка өлкөлөрдө кандай майрамдалышы тууралуу баяндайбыз.
Мындан сырткары, алардын өзгөчөлүктөрү жана окшоштуктары жөнүндө кызыктуу маалыматтар камтылган.
Майрамдык шаан-шөкөт
21-март - жаздын теңелүү күнү. Түн менен күндүн узактыгы бирдей 12 саатка созулат жана дагы бул күнү жер шаарында мезгилдер алмашып: экватордун түштүгүнө-күз, түндүгүнө жаз келет.
Нооруз дал ушул жаздын теңелүү күнүнө туш болуп, көбүнчө дыйкандардын майрамы делинет жана майрамдын негизги белгиси өндүрүлгөн буудай - Сэмэни айтылат.
Нооруз дал ушул жаздын теңелүү күнүнө туш болуп, көбүнчө дыйкандардын майрамы делинет жана майрамдын негизги белгиси өндүрүлгөн буудай - Сэмэни айтылат.
Майрамга алдын ала даярданышып, үй жыйнашат, көчөлөр тазаланат, кийимдин баары жуулат. Эгер карыз болсо сөзсүз түрдө карыздан арылуу керек. Илгертен эгер ноорузду таза үйдө, жакшы үй-бүлө тосуп алса, жыл ичинде оорулар, кырсык, балээнин баары ал үйгө жолобойт дешет.
Майрамдык маанай менен дасторкон жайылат. Анын да ноорузга байланыштуу тартиби, каадалары бар. Жети элементтен турган “Хафт сина” (перс. هفت سین) менен нооруз дасторкону өзгөчөлөнөт. Жети элементтердин баары С (S же Sîn (س) перс алфавити боюнча) тамгасы менен башталат.
Алар: мөмө-жемиш (сэпанд), жашылча (сабэн), сарымсак (сир), уксус (сэрке), жапайы зайтун (синджид ), алма (сиб), карагат (сумах).
Ноорузда буудай өндүрүп, сүмөлөк кайнатылып, жакын туугандарга, коңшу-колоңго таратуу да салт. Орто Азияда сүмөлөктү эң негизги майрамдын символу катары билебиз.
Кээ бир өлкөлөрдө дасторкон үстүнө күзгү, шам жана боёлгон жумурткалар коюлат. Албетте, ар биринин бул иште маани-маңызы бар. Шам - жарык же от, жамандыктардан, күзгү - азгырыктардан сактайт, жумуртка – жаңы жашоонун жаралуусунун белгиси.
майрамдык дасторкон
Нооруз элдик ырлар, бийлер, салтанаттуу майрмадык кечелер менен коштолот. Майрамдын кульминациясы деп, көчөлөрдө от жагылып, жаштардын от үстүнөн секирип өтүү ритуалын айтсак болот. Секирүүдө жаңы жылда мол түшүм, бири-бирине күч-кубат, ден-соолук каалоолору айтылат.
Мааниси боюнча Нооруз бардык эле өлкөлөрдө бирдей майрамдалат. Бул күн Орто жана Кичи Азия, Кавказ, Иран, Ооганстан жана Орусия Федерациясынын карамагындагы түрк элдеринин арасында жазды салтанаттуу түрдө кубануу менен тосуп алуу майрамы. Нооруз майрамынын кайсы жерде кандай белгиленээрин, окшоштук жана айырмачылыктарын карап көрөлү.
Көпчүлүк элдерде майрамдык дасторконду толтурууга өзгөчө маани берилет. Милдеттүү түрдө буудай сууга жибитилип, өндүрүүгө киришишет. Бул токчулуктун белгиси. Майрамдоо ар кандай оюн-зооктор менен коштолуп, ат үстүндө жарыштар уюштурулат. Майрам күнү мамлекеттик деңгээлде сахналаштырылган каада-салттар көрсөтүлүп, кийинки муунга өткөрүү, тарбиялоодогу мааниси чоң көрүнүштөр коюлат. Нооруз – эл арасындагы достукту бекемдеген, гумандуулук жана эмгекти сүйүүгө чакырган, тууган элдерди бириктирүүгө үгүттөгөн эл аралык майрам катары белгиленип келет.
Казакстанда Нооруз майрамы — жазгы жаңылануу символу болуп эсептелет. Майрамдын келиши менен казактар биз сымал эле улуттук кийимдерин кийип, боз үй тигишет. Негизги майрамдык ритуалы катары жашоонун 7 элементин чагылдырган, 7 ингредиенттен турган (суу, эт, туз, май, ун, дан ( күрүч, жүгөрү, буудай) жана сүт) нооруз-коже тамагы дасторконго коюлат. Казак элинде ноорузду майрамдоодо 7 саны орундуу мааниге ээ.
7 күн майрамдашып, үй кожоюнунун маңдайына 7 чыны нооруз-коже тамагы коюлуп, 7 үйгө мейманчылап барып, 7 конок чакырышат.
Жаштары алтыбакан селкинчегине топтолуп, ырдап, бийлеп, улуттук оюндарын ойношот.
Казакстанда расмий түрдө Нооруз 21-марттан баштап 3 күн майрамдалат жана ал күндөр казак календарында эс алуу күндөрү деп жаряланган.
Нооруз майрамы Казакстанда
Казакстанда Нооруз шаан-шөкөт менен майрамдалат
youtube embed goes here!
Өзбекстанда Нооруз жаңы үмүттөр менен күтүлөт. Ошол себептен кечиримдүү болуп, бей-бечараларга, жардамга муктаждарга кол сунулат. Мунун баары үйгө кут-береке алып келет деп ишенишет.
Бул күнү кожойкелер жашылчалардан самса, жумуртка агынан нишалда (шириндик ), милдеттүү түрдө аш басышат. Сыйкырдын баары 21-март күнү түнгө карай башталат. Ушул күнү ыйык сүмөлөктү кайнатуу үчүн чоң очокту тегеректеп бүт айылы чогулат. Көбүнчөсү аялдар жана балдар. Алар ырдап, ойноп, сүмөлөктү аралаштырууга өзүнүн кезегин күтүшөт. Эрте менен сүмөлөк даяр болуп, баары жакындарын жоктоп таратышат. Өзбектердин айтымында сүмөлөктөн биринчи даам татып жаткан кезде сөзсүз каалоо-тилектер айтылат, себеби алар орундалышы толук ыктымал.
Нооруз майрамы Өзбекстанда
Өзбекстандагы Нооруз майрамы оюн-зооктор менен коштолот
youtube embed goes here!
Тажикстанда Нооруз 21-24-март күндөрү майрамдалат. Майрамдык дасторконго эттен жасалган тамактар коюлбайт. Нооруздун символу катары тажиктер да сүмөлөк (суманак ) кайнатышат. Суманак — ыйык тамак аталып, аны жасоодо аялдардан эң чоңу курандан “ихлос” сүрөөсүн окуйт. Ар кимиси үч тилегин айтып аралаштырышат. Тилектер жыл ичи орундалат деп ишенишет. Колунда бар адамдар бей-бечараларды чайга чакырып сыйлашат.
Тажик, перс, хазарларда майрамдан кийинки 13-күндү “Сиздех бедар” деп белгилешет. Бизче которгондо “ босогодогу он үч” дегенди түшүндүрөт. Бул күндү алар үйлөрүнөн чыгып сейил бактарында же табият койнунда тосушат. Анткени үйдө калган адамга кырсыктардын, балээнин баары жабышат деп коркушат.
Нооруз майрамы Тажикстанда
Тажикстандагы Нооруз майрамы учурундагы концерт
youtube embed goes here!
Түркмөндөр болсо башка улуттардан айырмаланып, майрам өтүп жаткан аянтта килем соккон ууздардын, зергерлердин чеберчиликтерин сынашат жана алар бул күнгө жыл бою буюмдарын даярдап келишет. Түркмөнстанда ноорузга байланыштуу бардык ритуалдар менен 21-22-мартта майрамдалат.
Нооруз майрамы Түркмөнстанда
Түркөнстандагы Нооруз майрамынан көрүнүш
youtube embed goes here!
Азербайжанда майрамдык дасторкон өзгөчө даярдалат. Улуттук тамактардан сырткары пахлава, шекербура, гогал аттуу шириндиктерди кездештирүүгө болот. Жана да негизги дасторкон ажары - аш. Мурда сөзсүз түрдө башы менен куурулган балыкты көрчүбүз. Мындан сырткары, буга чейин айтылгандай эле стол үстүнө күзгү, шам, боёлгон жумурткалар жана сэмэни коюлат.
Мал чарбачылык менен байланыштуу каадасы, мал жандыктарынын мүйүзүн кызыл кездеме менен байлап, аларды курмандыкка чалуу тыюу салынат. Бул күндөрү карызга акча берилбейт, анткени үйдө береке качат дешет.
Айыл жерлеринде ат жарыш, човган ойнотулуп, короздорду уруштуруу салтка айланган. Жаш балдар коңшу үйлөрдүн босогосуна тумактарын таштап кетет. Үйлөрдүн кожоюндары ал тумактарды шириндиктерге толтурат. Дагы бир өзгөчөлүк, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө шам жагылат, ал өзү күйүп бүтмөйүнчө өчүрүүгө болбойт. Карангы түшүп кеч кирээрде көчөлөрдө от жагылып, баары кол кармашып аны тегеренип бийлешет. Андан соң оттон секирип өтүү ритуалы бар. Эл арасында сөз жүрөт. Оттун тазалоочу касиети бар, ал секирип өткөн адамды бардык жамандыктардан арылтат.
Нооруз - майрамы Дагестанда да белгиленет. Бул улутта майрамдык салтынын өзгөчөлүгү күйүп жаткан оттун үстүнөн тилек айтып, 7 жолу секирип өтүү эсепетелет. Элдин баары бул ритуалдан соң айтылган тилектер орундалат деп ишенишет экен. Акыркы жылдарда Тарки-Тау тоосунун чокусуна эбегейсиз чоң от жагуу салтка айланып, аны жакын аймактардан да көрүп байкоого болот.
Нооруз майрамы Азербайжанда
Азербайжандагы Нооруз майрамынан видео
youtube embed goes here!
Түрк элинде жаздын келиши, жарыктын карангылыкты жеңиши менен салыштырылат. Ошол себептен түрктөрдө да нооруз майрамынын негизги атрибуту катары – от эсептелинет.
Нооруздун Иранда майрамдалуусу тууралуу кеңири сөз кылмакчыбыз. Анткени жаз майрамы алгач дал ушул өлкөдө белгиленген. Айтылуу майрамдын аталышы да бул сөздү тастыктагандыгы анык. Нооруз фарс тилинен которгондо “нов-жаңы, руз-күн”, “жаңы күн” деген түшүнүктү билдирет.
Иранда жаңы жылдын кирип келүүсү (күндүн асмандагы белгилүү бир чекиттен өтүүсү ), астрономдор тарабынан секундасына чейин эсептелинет. Ошондуктан кээде нооруз түнкү саат үчтө, кээде таңкы алтыда башталат.
Нооруз майрамы Иранда
youtube embed goes here!
Илгертен эле Персияда жылнаама жаздын биринчи күндөрүнөн эсептелип башталат. Жыл башында атайын символдоштурулган азыктар стол үстүнө тартууланчу. Азыркы перстердин майрамдык дасторкондогу хафт-сини да эки миң жыл мурунку перс падышасынын дасторконунан айырмасы анчейин көп эмес. Анда ошол сыйкырдуу символдорду карап өтөлү:
1) Алма (Сиб) – сулуулукту жана ден-соолукту чыңдайт. Бул Сепандармаздын (аял кудайы ) символу.
2) Буудай (Саману же Сэмэни) – ыйыктыктын жана түшүмдүүлүктүн символу, кудайга берген ырыскысы үчүн ыраазычылык билдирүү сыңары дасторконго коюлат.
3) Жапайы зайтун (Сенджед) – сүйүүнүн символу.
4) Сарымсак (Сир) – элдик медицина жана табияттын кудуретинин символу.
5) Сумах (кун түстүү) – бул өсүмдүктүн карагаттары жакшылыктын, жамандык үстүндөгү жеңишин чагылдырат. Жамгыр менен күн чыгыштын символу.
6) Уксус (Серке) – түбөлүктүн жана даанышмандуулуктун, сабырдын жана тазалыктын символу.
7) Өндүрүлгөн буудайдын жашылы (Сабзе) – табияттын кайра жаралуусунун символу.
Акыркы жылдары салтка айланып бараткан, дасторконго коюлуучу символдор:
Тыйын (Секе) – байлыктын символу.
Байчечекей (Сомболь)– жаздын жана жаштыктын символу. Үйдө канча жаш бала болсо, ошончо даана гүл коюлат.
Дасторкон үстүнө сөзсүз түрдө Куран жана Хафиз ырлар томдугу (перстердин экинчи кураны) коюлат.
Үй кожойкесин болсо баласынын санына карай жумуртка жегенге милдеттендиришет.
Жаңы жылдын урматына ар бир иран жараны 10-12 күн эс алат. Бул күндөрү алар бири-бирине меймандап барат же өлкө айланып саякат кылышат. Ноорузда ирандыктар үчүн аяз атанын ролун ачык түстөгү кийимде, шайыр Хажи-Фируз ойнойт. Ал көчөлөрдө чылдырман чалып, баарын кубандырат. Жаңы жылды Иран өлкөсүндө ансыз өткөрүү мүмкүн эмес.
Чыгыш жаңы жылынын аяз атасы - Хажи Фируз
Анда жыйынтыктап өтөлү, нооруз майрамы кайдан келбесин, анын символдору менен ритуалдары эмнени билдирбесин, кайсы ишенимге таандык болбосун – бул майрам миңдеген жылдар бою жер бетиндеги көптөгөн элдердин чыныгы элдик майрамы катары калууда. Аны 2010-жылы БУУ адамзаттын маданий мурасы деп жарыя кылып, “Бардык элдердин Эл аралык майрамы” деп бекитип берген.
Даярдаган: Гульнура Валижанова