Абшыр-Ата

Kyzyl-Bulak Community media
Created by Kyzyl-Bulak Community media(User Generated Content*)User Generated Content is not posted by anyone affiliated with, or on behalf of, Playbuzz.com.
On Jul 14, 2019
Help Translate This Item

Абшыр-Ата

Абшыр-Ата шаркыратмасы Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов аймагында жайгашкан. Шаркыратма тоонун боорунан чыгып, анын жаралышы тууралы тарыхый маалыматтар менен уламыштар айтылып келет.

 
Шаркыратма келген кишилерди абдан таң калдырат. 12-13 метр бийиктеги асканын боорунан суу атырылып чыгып турат.
Шаркыратмадан анча алыс эмес жерде мөлтүр кашка суусу бар Котур-Булак жайгашкан. Анын суусунун даарылык касиети бар экени айтылып келет.

Байыркы уламыштарга караганда бул жерде мурда суу эмес сүт акчу. Илгери-илгери дербиш таягы менен асканы урганда ал жерден сүт атырылып чыккан экен. Ошондон бери бул жер ыйык деп эсептелип келет. Бирок кишилер бул жерге көп сыйынбай, аны сактабай койгондуктан сүт сууга айланган. Ошентсе да бул жер азыркы күнгө чейин ыйык деп эсептелип, келген кишилер абдан көп.

Бул жакка келгендер Абшыр-Атадагы токойдо эс алып, шаркыратма, үңкүрлөргө да зыярат кылышат.
Айрымдар салт боюнча жаш балдардын чачын ошол жайдагы адамдарга алдырышат. Эс алуучуларга түнөөгө да толук шарт түзүлгөн. Эки тоонун ортосунда жайгашкан бул жай, кооз табияты, арча, кайың, суусу менен айырмаланат. Жаныбарлар корукка алынган.

1 / 3

Абшыр-Атанын жайгашкан орду?

2 / 3

Шаркыратманын бийиктиги?

3 / 3

Шаркыратмадан алгач суунун ордуна эмне агып чыккан?

3
Questions left

Даярдаган: Жалалова Таңнуру

These are 10 of the World CRAZIEST Ice Cream Flavors
Created by Tal Garner
On Nov 18, 2021