Ысык-Көлдүн жети акеси тууралуу учкай маалымат

Аке түшүнүгү – тарыхта билгичтиги, акылмандыгы менен калган, элдик уулга эл тарабынан берилген даража. Алар:

C;=07 848=>20
Created by C;=07 848=>20(User Generated Content*)User Generated Content is not posted by anyone affiliated with, or on behalf of, Playbuzz.com.
On Aug 15, 2019
Help Translate This Item
1

Карга аке (1718-1828) – 70 жыл бий болгон

Карга аке, Карга Мендегул уулу-Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири; Батыш Сибирь генерал-губернатору менен сүйлөшүү үчүн 1824-жылы элчи жиберүүгө демилге көтөргөн бийлердин бири. Карга аке кара кылды как жарган калыс болгондуктан, эл ичинде «калыстыкты Каргадан тап» деген сөз калган. Мындан тышкары «Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол», «Кайратты элден, келбетти жерден ал», «Тазалыкты суудан, ынтымакты туудан ал» деген накыл сөздөр Карга акеге тиешелүү делет. 1996-жылы ага күмбөз тургузулган.

2

Мойут аке (1745-1843) – өзгөчө бийликке эгедер болбосо да дабагер, мүнүшкөр, саяпкер адам болгон

Алдаяр уулу, Мойт Аке - мүнүшкөр, саяпкер, дарыгер боло турган окуяны алдын ала билген көрөгөч олуялык туюму бар даанышман инсан болгон. Жайкысын Каркыраны жайлаган. Казак кыргыз журту аш тойлорду бирге өткөрүп көйгөйлүү иштерди чечишкен. Мойут Аке кыргыз тарабынан сүйлөчү экен. Акенин кылымдар өтүп иликтенип жатканы тарыхка түбөлүк калганы. Тандап алган мекени Ортоөрүктүдө урпактары жашайт. 1997-жылы жаңы эстелик тургузушуп 250 жылдык маараке өткөрүштү. Тоң районундагы “Манжылы” жылгасы касиеттүү сырдуу жай. XVII кылымдын экинчи жарымында Жуңгар хандыгы жергиликтүү элди ферганага Анжиянга сүрүп, 1770-жылдарда көлгө кайра келишкенден кийин атактуу адамдардын керээзи орундалып, сөөгүн төөгө жүктөп ата-бабаларынын жанына алып барып койчу экен. (Бирназар бийдин сөөгү Жалалабадка коюлган) Мойут Аке менин сөөгүмдү Манжылга койгула, сөөк жүктөгөндөн эл кыйналып кетти. Туулган жердин топурагы алтын деп аманат айтыптыр. Сөөгү Манжылыда урпактары койгон белги бар. Мойут Аке оорунун сырын билген табып болгон. Сабатар Атакандын өнөкөт болуп өтүшүп кеткен тулу боюндагы жарасынын, Солтонкул байдын дартынын дабасын тапкан.  

3

Сарт аке (1780-1865) – «акыл ээси» деп аталып, хан, бийлердин кеңешчиси болгон

Сарт аке Доскулу уулу- Азыркы Нарын шаарынын аэропорту тарапта жарык дүйнѳгѳ келген деген маалымат бар. Ѳмүрү Ысык-Кѳлдүн чыгышында ѳткѳн. Жайлоосу Каркыра болгон. Сарт акенин сѳѳгү коюлган жер мазарга айланган.Карапайым калктан, бейбечаралардан тартып эл башчыларына чейин тең санаган, кең пейил, нарк нускалуу, терең ойчул акылман адам экенине эл ичинде “акыл ээси” аталып келген. Санжырада Сартбай (өз аты) 11 жашына чейин Нарын боюнда өсөт. Жалгыз ойноп кетип, канаттууларга алаксып суунун шарына кызыгып кулак төшөп, түркүн кубулуп күнгүрөнгөн добушуна берилип суу бойлоп ойноп жүргөн жеринен таап келишчү экен. Көлгө келип 17 жашында Бирназар бийге жасоол, кийин Боронбайга кеңешчи болгон.

4

Тилекмат аке (1800-1863) – бугу уруусунан чыккан манап

Жылкыайдар уулу Тилекмат- Кыргыз тарыхында ысымы өчпөй сакталчу инсандардын бири - Ысык-Көл кылаасында XIX кылымда жашоо кечирген Жылкыайдар уулу Тилекмат болжол менен 1800-жылдары жарык дүйнөгө келип, ата тилегине жараша акыл эстүү чоңоюп,Ысык-Көлдүн бүгүнкү Жети-Өгүз районунун аймагында жашоо кечирген  Тилекматтын жүрөгүнө баткан сөзү "тексиз кул" атыккан атасынын аргасыз жагдайы болгон.
Чукугандай сөз тапкан тетиктиги, кылычы суурулуп тургандарга сөзү менен тең келген кайра тартпастыгы үчүн Тилекматтын замандаштары аны жанга күч келгенде аралжа болчу тирек катары көрүшкөн.

5

Садыр аке (1821-1905) – кара кылды как жарган калыстыгы менен белгилүү болгон бий

Садыр Аке Жолболду уулу 1821-жылы туулуп 1905-жылы дүйнөдөн кайткан.Өзү саяк уруусунан болгон. Анын балалык чагы башкача айтканда өмүрү азыркы Ысык-Көлдүн [Кичи-Ак-Суу Чон Ак-Суу) деген жеринде өткөн. Анын сөөгү Ысык-Көлдүн Кожояр айылына коюлган. Ошондой эле ал Верный,Пишпек шаарларында 1870-жылы өткөн Россия-Кытай чек ара сүйлөшүүлөрүнө катышкан. Садыр Акенин акылмандыгы, жол тапкычтыгы, адилеттүүлүгү кыргыз журтуна аңыз болгон. Урпактары Ысык-Көл районунда турушат.

6

Карач аке (1837-1914) – Бугу уруусунун урматына татыган, эр жүрөк адам болгон

Карач аке - Карач Мендегул уулу (1837, туулган жери белгисиз - 1914, азыркы Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Чолок айылы) - Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири; чечен. Калыстыгынан тайбаганы үчүн бир нече жолу болуш болуп шайланган. Уруулар аралык чыр-чатак, жаңжал-доолорду калыс карап, туура чечкендиктен, ал чечен Карач аталган. Карач акенин теги калмак экени, олжого түшүп, Шапак баатыр асырап алганы тууралуу аңыз кептер айтылат. Тагайдан - Кылжыр - Орозбакты. Орозбактыдан - Арык Мырза, Мырзакул Мырза, Асан Мырза, Кара Мырза, Токоч Мырза. Мырзакулдан - Алсейит - Жамангул - Белек - Бирназар бий - Шапак баатыр. Жоокерчилик заманда калмактан олжого түшкөн Чүрүмдү Шапак баатыр асырап, Чүрүм өзү менен кошо алып келген Бүрүмгө үйлөнөт. Чүрүмдөн - Эсенгул - Мендегул - Карач. Белек, Шапак атанын балдары Ысык-Көлдүн чыгыш тарабынан орун алып, Түп, Жыргалаң сууларынын Күңгөй, Тескейинде жайгашкан. Азыркы кезде ондон ашык айыл-кыштактарда жашап, тиричилик отоп келишүүдө. Карач жаш кезинде эле өзүнүн зиректиги менен сөзгө алынып, Өмүр баатырдын алтын шакегин алууга татыктуу болгон. Өмүр баатыр Карачтын чоң атасы Эсенбай менен уялаш бир туулган. Баатыр көз жумар алдында көргөн түшү кийин өңүндө келип,өзү менен жортуулдарда тогуз жашар кезинен жанына ала жүргөн иниси Мендегул уулу Карачка алтын шакегин тапшырып, батасын бергенин журналист, акын Турганбек Жунушалиев баяндайт. 2009-жылы Ысык-Көл  облусуна караштуу Түпп районунун Жылуу-Булак айылына Карач Аке жана Өмүр баатырдын эстелиги орнотулуп, Түп айылына боз үй тигилип,мал союлуп,чоң той болуп өткөн.

7

Кыдыр аке (1843-1926) – акелердин эң кенжеси

Кыдыр аке Байсары уулу (1843, азыркы Ак-Суу району, Сары-Жаз өрөөнү, Кайыңдынын Байыш жайлоосу — 1926, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы) — бугу уруусунун арык уругунан чыккан манап, Ысык-Көлдүн жети акесинин бири. Калмак менен кыргыздардын ортосунда элчи катары белгилүү болгон Олжобай бийдин небереси. 1861-жылы 18 жаш курагында болуш болуп шайланган. Романовдор династиясынын 300 жылдык салтанаттуу мааракесине Каракол уездинен кадырман делегат катары чакырылган. Эки элдин ортосундагы байланышта көрсөткөн ишмердиги үчүн ага күмүш медаль жана подполковник чини ыйгарылган. Калыстыгын, акылмандыгын эл баалаган.1916-жылдагы Үркүн окуясы учурунда Ысык-Көл өрөөнүнүн баарык айылдары Кытайга качканда, Кыдыр аке Орусия империясындагы өзүнүн баркынын бийиктигине байланыштуу өзү жашаган Кереге-Таш, Сары-Камыш, Кайырма-Арык жана башка коңшу айылдарды орустардын куугунтугунан аман сактап калган.1993-ж. анын 150 жылдыгы белгиленип, Кереге-Таш айылынын четине бийиктиги 16 м келген күмбөз тургузулган.

These are 10 of the World CRAZIEST Ice Cream Flavors
Created by Tal Garner
On Nov 18, 2021